
Электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону кубаттуулук төмөндөтүлгөн — Ибраев
Бишкек шаарында электр энергиясы өчүрүлгөн жок, болгону анын кубаты төмөндөтүлгөн. Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, эртең менен жана кечинде электр энергиясына болгон талап күчөйт, ошондуктан кубат 5 киловаттан 3 киловатка чейин кыскартылат. Министр, 3 киловатт менен телевизор, муздаткыч, бир нече лампочка, обогреватель жана суу жылытуучу колдонууга мүмкүн экенин билдирди.








