ГКНБ жарандык мекемелерде погон жана жылдыздарды тыюуну сунуштады
КРдин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети атайын жана ведомстволук форманы кийүү эрежелерин тартипке келтирүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Бул долбоор аскердик эмес органдарда погондорду жана жылдыздарды колдонууга тыюу салууну, ошондой эле форманы кийүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесин жаңылоону сунуштайт.








