Тег тарыхый эстелик

Активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарын Боз-Бөлтөк тоосун коргоого жана ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүгө чакырышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Аламүдүн районунун Боз-Бөлтөк тоосуна жакын жерде экологияга зыяндуу кум-шагыл аралашмасын иштетүүгө каршы чыккан эл менен жолугушту. Жарандар уникалдуу тоону тарыхый эстелик катары сактап, корголуучу жаратылыш аймактарынын тизмесине киргизүүнү өтүнүштү. Депутаттар кырдаал менен таанышып, экологиялык кесепеттерге баа берүү үчүн мамлекеттик органдар менен жеринен тышкаркы жыйын өткөрүүнү убадалашты.

Бишкектин борборундагы баасы 3 миллион доллардан ашкан имарат мамлекеттин менчигине кайтарылды

Бишкектин борборундагы СССР тарагандан кийин мыйзамсыз менчиктештирилген баасы 3 миллион доллардан ашкан имарат мамлекеттин менчигине кайтарылды. Тарыхый эстелик болгон мүлк түнкү клуб катары колдонулган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.