тарыхый

«Үч жылда 20дан ашык сериал: «Кыргызсериал» студиясынын жетишкендиктери»

Кыргызсериал» уюму акыркы үч жылда 20дан ашык сериал чыгарды. Директор Эрмек Амантур уулу, социалдык мааниси бар долбоорлордун көрүүчүлөр арасында популярдуу экенин белгиледи. Жаңы тарыхый сериал «Кара Кыргыз» өлкөнүн мамлекеттик өнүгүүсүн чагылдырат. Уюм чет өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтүп, сериалдарын эл аралык фестивалдарда көрсөтүүдө.

Марат Иманкулов Москвада «Россия жана ТМД элдери» эл аралык фестивалында катышты

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Москвада өтүп жаткан «Россия жана ТМД элдери» эл аралык фестивалына катышып, Кыргызстан гуманитардык жана маданий кызматташтыкты улуттук коопсуздукту камсыздоонун негизги багыттарынын бири катары карай турганын белгиледи. Фестиваль көп улуттуу элдердин руханий жана маданий баалуулуктарын бекемдөөгө багытталган. Иманкулов Чингиз Айтматовдун чыгармачылыгын адамзаттын руханий биримдигинин символу катары баалап, жаштар үчүн «Евразия жаштары - жалпы келечек» программасынын жана «Тирүү тарых» долбоорунун ийгиликтери тууралуу маалымат берди.

КР өкмөт башчысы Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырды

Бишкекте өткөн Россиянын маданият күндөрүндө белгилүү режиссёр Никита Михалковго "Достук" ордени тапшырылды. Адылбек Касымалиев тарыхый байланыштарды бекемдөөнү баса белгилеп, Михалковду 80 жылдыгы менен куттуктады.

Бишкекте Россиянын Кыргызстандагы Маданият күндөрү башталды.

Кыргызстандын Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында Россия Федерациясынын Маданият күндөрүнүн ачылышы болуп өттү. Бул иш-чара Кыргызстандын жана Россиянын маданий-гуманитардык кызматташуусун бекемдөөдө маанилүү кадам болуп саналат.

Бишкекте БУУ күнү белгиленди

Бишкек, 24-октябрьда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында БУУнун күнү белгиленди. Министр Жээнбек Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу ролун баса белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун 33 жылдык өнөктөштүгүн жогору баалады.

Алтындын баасы өсүүдө.

Алтындын баасы тарыхый максимумга жетип, 4 350 доллардан ашты. Экономикалык белгисиздиктин шартында коргоочу активдерге суроо-талаптын өсүшү баанын жогорулашына алып келди.