
Түндүк-Түштүк автожолунда таш кулоо катталды
Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Түндүк-Түштүк автожолунун 265-266 км жеринде эртең мененки 8:30да таш кулоо катталды. Транспорт министрлиги тез арада атайын техникаларды жөнөтүп, жолду тазалоо иштерин баштады. Жол бир тилке менен ачык.




