Тег таштандыларды өрттөө заводу

2025-жылга чейин Бишкекте таштандыларды өрттөөчү ишкана ачуу пландалууда

Бишкекте кытайлык инвесторлор каржылаган таштандыларды өрттөөчү заводдун курулушу 2025-жылга чейин бүтөт. Вице-мэр Азамат Кадыров Чанша шаарындагы кесиптештери менен таштандыларды башкаруу жана технология жаатында кызматташууну талкуулады. Делегация экологиялык жактан туруктуу шаар чөйрөсүн түзүүгө жардам бере турган таштандыларды чыгаруу жана электр энергиясын өндүрүү боюнча кытайлык адистердин тажрыйбасын үйрөндү.