Тег таза шайлоо

БГК саясий партиялары таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан саясий партиялар шайлоо эрежелерин сактоо жана социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Жети партиянын алтоо ачык жана адилет өнөктүктү, этикалык нормаларды сактоону жана добуштарды сатып алууга каршы күрөштү колдой турганын ырасташты. Меморандум аялдар талапкерлердин катышуусун колдоо жана демократиялык шайлоого көмөк көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди камтыйт.

Камчыбек Ташиев: “Ата-Журт” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуудан баш тартты

“Ата Журт” партиясы 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышпоо чечимин жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев таза шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды коррупцияга тиешеси жок талапкерлерге добуш берүүгө чакырды. Ал ошондой эле партия башка талапкерлерди колдобой турганын, административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын билдирди.