Тег театры

Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театры эл аралык кызматташууну кеңейтүүдө

Бишкек шаарындагы Б. Кыдекеев атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору Акылбек Алыбаев театрдын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү пландары жана гастролдору тууралуу айтып берди. Театр быйыл чет элдик фестивалдарга активдүү катышып, келечекте эл аралык иш-чараларды өткөрүүнү максат кылууда.

Орус драма театрынын оңдоп-түзөө иштери убактылуу токтотулат – себеби

Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнө байланыштуу оңдоо иштерин убактылуу токтотуп, 91-театр сезонунун ачылышы ноябрдын аягына пландалган.

Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү: искусство, кино жана Никита Михалковдун «Мастерская 12» долбоору

Кыргызстанда 29-октябрдан 2-ноябрга чейин Россиянын Маданият күндөрү өтөт. Бул иш-чара концерттерди, театр спектаклдерин жана кинофестивалдарды камтып, эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоого багытталган.

Быйыл Баткен окуяларына 25 жыл толот.

Бишкек, 25.10.25 /Кабар/. Баткен окуяларынын 25 жылдыгына арналган иш-чарада 54 баатыр жоокер эскерилип, катышуучуларга ыраазычылык айтылды. Концерт менен жыйынтыкталды.

Бишкекте БУУ күнү белгиленди

Бишкек, 24-октябрьда А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында БУУнун күнү белгиленди. Министр Жээнбек Кулубаев БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу ролун баса белгилеп, Кыргызстан менен БУУнун 33 жылдык өнөктөштүгүн жогору баалады.

Бишкекте Баткен баатырлары эскерилди

Бишкекте 1999-2000-жылдары Баткен окуяларында курман болгон жоокерлерге арналган эстеликке гүлчамбар коюу аземи өттү. Иш-чарада Баткен окуяларынын катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, материалдык жардам көрсөтүлдү.

Кыргыз балет артисттеринин концерти кореялык көрөрмандардын купулуна толду.

Кыргызстандын балет артисттери Түштүк Кореяда ийгиликтүү гастролдоп, дүйнөлүк классиканын мыкты үлгүлөрүн жана заманбап чыгармаларды тартуулашты. Бул маданий алмашуу программасынын алкагында өткөрүлүп, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.

Кыргызстандык балет артисттери Түштүк Кореяда гала-концерт коюшат

Кыргызстандык балет артисттери Түштүк Кореяда гала-концерт коюшат. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын труппасы Корея Ballet Stars менен биргелешип Сеулда эл аралык маданий кызматташтык программасынын алкагында концерт өткөрөт.

Театрларда кадрлар санын көбөйтүү зарыл – Озубеков

Кыргызстандын театралдык кадрларды даярдоо деңгээли жогорулап, мурдагыдай Москва, Ташкент сыяктуу шаарлардагы институттарда окутуу жанданды. Жаш актерлор театрларда иштеп, сахнага чыгуу үчүн жарым күндүк ишке макул болушат. Бирок, штаттык орундардын чектелгендиги көйгөй жаратат. Маданият министрлиги эски кызматтарды заманбап адистиктерге алмаштырууну пландоодо.