Тег техникалык-экономикалык негиздеме

Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарынын негизинде маалыматтарды иштеп чыгуучу борбор түзүлөт

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Бишкек шаарында энергиянын кайра жаралуучу булактары менен иштеген маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Долбоор маалыматтарды сактоонун заманбап инфраструктурасын камсыз кылуу жана инвесторлор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу аркылуу санариптештирүүнү тездетет жана өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жогорулатат.

Акылбек Жапаров менен Дүйнөлүк банктын жетекчиси кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Хью Ридделл менен жолугушуп, кызматташуу, анын ичинде өлкөнүн энергетика системасынын негизги элементи боло турган Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун талкуулады. Долбоорду ишке ашырууну тездетүү жана анын жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн аянтча түзүү маселелери талкууланды.