
Президент алыск аймактарды спутник аркылуу интернетке туташтыруу долбоорун баштады.
Кыргызстанда санариптик теңсиздикти жоюу жана инновациялык телекоммуникациялык технологияларды киргизүү максатында негеостационардык спутник системаларын колдонуу боюнча пилоттук долбоор башталды. Бул долбоор алыскы аймактарда интернетке жеткиликтүүлүктү жакшыртып, санариптик трансформациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат.








