
Бишкекте таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык заводдун курулушу кайсы этапта турат – фоторепортаж
Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экологиялык технологиялык завод курулууда. Завод 2025-жылдын декабрында ишке киргизилет. Инвестиция көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт. Биринчи этапта завод күнүнө 1000 тонна таштандыны кайра иштетип, 460 МВт электр энергиясын өндүрөт. Келечекте бул көрсөткүчтү 3000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда.








