
Кытай 120 жашка чейин өмүрдү узартууга арналган таблеткаларды иштеп жатат
Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы Lonvi Biosciences стартапы 120 жашка чейин жашоону узартууга жардам берген таблеткаларды иштеп чыгууда. Бул препарат винограддын уруктарынан алынган заттардын негизинде даярдалып, карыган клеткаларды жок кылууга жөндөмдүү өзгөчө молекуланы камтыйт. Компания, ошондой эле, бул таблеткалардын ден соолукка жакшы таасир этүү үчүн туура жашоо образы жана сапаттуу медициналык кызмат менен бирге колдонулса, адамдардын жашоосун узартарына ишенет.








