
Кыргызстандык NineNineSix стартапы дүйнөлүк деңгээлдеги KaniTTS сүйлөө синтези технологиясын сунуштады.
Кыргызстандык NineNineSix стартапы KaniTTS аттуу жаңы текстти үнгө айландыруучу модельди сунуштады. Бул модель дүйнөлүк алдыңкы компаниялардын чечимдерине салыштырмалуу сапаты жана ылдамдыгы менен айырмаланат. KaniTTS реалдуу убакытта эмоционалдуу жана табигый үн түзө алат жана ал дүйнөдөгү эң алдыңкы ачык булактуу үн генерациялоо иштеп чыгууларынын бири деп бааланууда. Модель англис, немис, корей, араб, кытай жана испан тилдеринде иштейт, жакында кыргыз жана жапон тилдери кошулат. KaniTTS үн клондоштуруу мүмкүнчүлүгүн да сунуштайт, ал үн үлгүсүнөн анын тембрин жана интонациясын сактап, текстти ошол эле үн менен окуй алат.








