Тег тейлөө сектору

Божомол: Улуттук банктын эсептик чени жылдын аягына чейин 9% деңгээлинде сакталат

Евразия өнүктүрүү банкынын серепчилери Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик чени 2024-жылдын аягына чейин 9% деңгээлинде сакталат деп болжолдошууда. Инфляциянын басаңдашы азык-түлүк бааларынын төмөндөшү менен байланыштуу, бирок азык-түлүк эмес сегментте жана кызмат көрсөтүүдө ал жогору бойдон калууда. Жөнгө салгыч инфляция жылдын аягына чейин 5-7% максаттуу мааниге кайтып келет деп күтүүдө.