
Кеминдеги мыйзамсыз таштандылар табылды
Кемин районунда мыйзамсыз таштандылар табылды. 9-ноябрь күнү Кичи-Кемин айылында жүргүзүлгөн текшерүүдө, негизинен малдын терилеринен жана үй тиричилигинен чыккан таштандылардан турган стихийлуу таштандылар жыйнагы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жөнөтүлдү.






