Тег текшерүү иш-чаралары

Сокулук районундагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Сокулук районунда 2000-жылдан бери укук белгилөөчү документтери жок пайдаланып келген 80 гектардан ашык жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. «Мижас» дыйкан чарбасынын председатели менчик укугун таанып, наркы дээрлик 258 миллион сомду түзгөн участокту өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо иштерин улантууда.

Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын бир бөлүгүн Аламүдүн районунун мамлекеттик менчигине кайтаруу

Текшерүүнүн жыйынтыгында 2009-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Чүй районундагы Байтик айыл өкмөтүнүн имаратынын экинчи кабаты мамлекеттик баланска кайтарылган. Объекттин сметалык баасы 38 млн 249 миң сомду түзөт. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Токмокто бала бакчанын имараты жанаша жайгашкан аймагы менен мамлекеттин менчигине кайтарылды

Токмокто 2004-жылы менчиктештирилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Ээси бүтүмдүн мыйзамсыздыгын мойнуна алып, мүлктү өз ыктыяры менен мэрияга өткөрүп берген, бул УКМКнын текшерүүсүнүн жыйынтыгында болгон.