Кочкордо санитардык-эпидемиологиялык инспекциянын башчысы ишкерлерден пара талап кылган деп шектелүүдө
Нарын облусунун Кочкор районунда санитардык бөлүмдүн башчысы дүкөн ээлеринен акча талап кылган фактыларды прокуратура аныктады. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды тактоо жана башка катышуучуларды жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.