Кыргызстандын тышкы иштер министри япониялык кесиптеши менен телефон аркылуу маселелерди талкуулады
Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын тышкы иштер министрлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп, анда кызматташуунун келечеги жана “Борбор Азия+Япония” диалогунун маанилүүлүгү талкууланды. Жээнбек Кулубаев Такеши Иваяны кызматка дайындалышы менен куттуктап, андан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.