
Трамптын бажы төлөмдөрү Вьетнамдын экспортун төмөндөттү.
Сентябрда вьетнам бут кийимдеринин АКШ рыногуна жеткирүүлөрү 27 пайызга түшүп, 611 миллион долларды түздү. Ошондой эле текстиль экспорту 20 пайызга, телефон жана тетиктер 24,38 пайызга азайды. Бирок Вьетнамдын АКШга жалпы экспорту болгону 1,5 пайызга кыскарды.








