Тег темпи

Президент: Айыл чарба продукциясы 400 миллиард сомду түзөт

Быйылкы жылы Кыргызстандын айыл чарба продукциясы 400 миллиард сомго жеткирилет, бул климаттык шарттардын жакшы болушуна байланыштуу. Президент Садыр Жапаров мал чарбасы жана кайра иштетүү тармагындагы ийгиликтүү жыйынтыктарды, ошондой эле айыл чарба тармагын колдоо боюнча бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда жыл башынан бери айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 223 миллиард сомго жетти.

2024-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын айыл чарбасынын дүң продукциясы өткөн жылга салыштырмалуу 7,3%га өсүү менен 222,8 млрд сомду түздү. Негизги салымды айыл чарба өсүмдүктөрү, өзгөчө буудай жана арпа кошту, анын түшүмдүүлүгү жагымдуу климаттык шарттардан улам бир топ жогорулады. Дан эгиндерин чаап-жыйноо белгиленген аянттын 74 процентине аткарылды, жашылча-жемиштердин жалпы вндурулушу да кебейду. Айыл чарбасы өлкөнүн ИДПсынын 8,8% түзөт.