
Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакча курулууда
Ак-Тал айылында 90 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу уланып жатат. 2023-жылы башталган долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, учурда 76% аяктады. Бала бакча 892 чарчы метрди түзүп, заманбап эки кабаттуу имаратта уктоочу жана оюн бөлмөлөрү, ашкана жана кабылдама каралган. Объектти быйылкы жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалган.



