
Келечектеги жол. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» жолу өлкөнүн экономикасын кандай өзгөртөт – президент
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нарын шаарында Нооруз майрамында сүйлөп, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун аякташы региондун транзиттик байланыштарын кеңейтип, эл аралык маанисин жогорулатат деп билдирди. Ал бул долбоордун ишке кириши менен жүк ташуу убактысы кыскарып, жаңы рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрү ачыларын белгиледи. Мындан тышкары, ички темир жолдорду өнүктүрүү өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын жана туризмди жакшыртууга жардам берет.



