Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жаңы жетекчиси болуп Султан Макилов дайындалды. 2001-жылдан бери участкалык инспектордон Тергөө кызматынын жетекчисине чейин жетип, бай тажрыйба топтогон. Макиловдун пландарына заманбап байланыш каналдары аркылуу журналисттер жана коомчулук менен байланышты жакшыртуу кирет.
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунда күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуу фактылары аныкталды. Конверсиялык рейд учурунда алты унаадан кошумча танктар табылган. Автоунаалар кармалып, материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Нарын облусунун Ат-Башы районунда капиталдык курулуш башкармалыгында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Прокуратура кызмат адамдары бүтпөгөн иштер үчүн мыйзамсыз акча которуп, жабдуулардын баасын жогорулатып, мамлекетке 1,6 миллион сомдон ашык зыян келтиргенин аныктаган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.
Бишкекте аялын коркутуу максатында уулуна психологиялык зомбулук көрсөтүүнү видеого тарткан жаран кармалды. Баланы дарыгерлер текшерип, эч кандай жаракат табылган эмес. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкек 7-август болгон тоноо боюнча шектуу кармалды. Алар Т.Н.нын 13 жашагы уулун коркутуп, iPhone 12 Pro Max телефон номери 5000 сом алган. Шектүүлөрдүн үчөө, алардын арасынан мурда соттолгону да бар, милиция бөлүмү жеткирилген. Тонолгон телефон кайрап, шектуулврдун башка кылмыштарга катышы текшерилуудо.
Нарын облусундагы айыл өкмөтү үчүн кошумча жабдуулар сатылып алынган мамлектке 4 миллион 930 миң сом зыян келтирилген. Прокуратура мыйзам бузуу фактыларын аныктап, кылмыш ишин козгода.