Тег терроризмди каржылоо

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө

Президент Садыр Жапаров Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамды жактырды. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам ЕАТ бюджетин түзүүнүн укуктук негиздерин жана булактарын кеңейтет, ал кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча чараларды күчөтүүгө тийиш. Жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Согуш мезгилиндеги маданий баалуулуктарды коргоо конвенциясына кошулуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеӊештин депутаттары маданий мурастарды коргоого багытталган куралдуу кагылышуулар учурунда маданий баалуулуктарды коргоо протоколуна Кыргызстандын кошулуусу боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышты. Маданият үйүнүн курулушу, эстеликтерди реставрациялоо маселеси да талкууланды. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча келишимге эл аралык стандарттарга шайкеш келүүгө мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөрдү ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды.