Прокуратура коомдогу коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күнү-түнү күрөшүп келет
Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда прокуратуранын 100 жылдыгы белгиленүүдө. Башкы прокурор Максат Асаналиев 2024-жылдын 9 айында мамлекетке келтирилген 20 миллиард сомго жакын зыяндын ордун толтуруу боюнча прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.