КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов өткөргөн жыйында мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси каралды. Катышуучулар аны коомдо колдонууну кеңейтүү жолдорун, терминологияны унификациялоону жана окутуунун сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн талкуулашты.
Бишкекте “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамдын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.
Бишкекте кыргыз тилин А1 деңгээлинде үйрөнүүгө арналган “Оңой Кыргыз” мобилдик тиркемеси тартууланды. Иш-чаранын катышуучулары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер интерактивдүү оюндар аркылуу тиркеменин функционалдуулугу жана аны колдонуу менен таанышты.