Тег тилдери

Бишкекте Түрк мурастары борбору ачылды

Бишкекте Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түрк элдеринин археологиясы, тарыхы жана маданияты боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө турган Түрк мурастары борбору түзүлдү. Эл аралык Түрк маданияты фондунун алдында иш алып барган борбор тарыхый-маданий объектилерди жана материалдык эмес мурастарды сактоо, элдердин маданий байланыштарын чыңдоо боюнча программаларды да колдоону пландоодо.

Билим берүү министрлиги: Мектеп окуучуларын камсыздоо үчүн 17 миллиондон ашык окуу китептери керектелет

Мектептерди толук камсыздоо учун 17 миллиондон ашык окуу китептери керек. Кыргыз, орус, озбек жана тажик тилдеринде билим берүүчү мектептер үчүн атайын китептер дайардалып жатат. Сингапурдан алынган окуу комплекстери кыргыз жана орус тилдерине которуп, эки жылдан кийин даяр болот. Учурда мектептерде 11 миллион 816 мин окуу китеби бар.