Тег тилди

Кыргыз тилин окутууда ЖОЖдордун маанилүүлүгүн билим берүү министри баса белгиледи

“ЖОЖдордогу мамлекеттик тил маселелери” форумунда билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева кыргыз тилин окутууда ЖОЖдордун маанисин белгилеп, активдүү иш-аракеттерге чакырды. Катышуучулар тилди окутуунун абалы, окуу куралдарын даярдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн окуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын талкуулашты.

Парламентте кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери каралды

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаттары кыргыз тилин өнүктүрүү маселесин талкуулап, китеп чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын жоктугун белгилешти. Жасалма интеллект жана чыгармачылык аркылуу тилди кеңири жайылтуу боюнча демилгелер көтөрүлгөн. Фракция лидери айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.