
Тоң районунда жолду суу алып кетти: жолчулар кайрадан жолду ачышты
Тоң районунда 9-июлда жаандан кийин сел жүрүп, Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол жолунун 113-чакырымын каптады. Жол убактылуу жабылып, калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, кыймыл толугу менен калыбына келтирилди.








