Тег Тойчубаева Айсулуу

Өзбекстандын президенти билим берүү тармагындагы сиңирген эмгеги үчүн этникалык кыргыз аялды «Достук» ордени менен сыйлады.

Анжиян областынын башталгыч классынын мугалими Тойчубаева Айсулу Маматбековна жаштарга билим берүүнү өнүктүрүүгө жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн «Достук» ордени менен сыйланды. 32 жылдык тажрыйбасы менен окуу китептерин жана маданий демилгелерди жаратууга активдүү катышып, патриоттук тарбияны жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды урматтоону жайылтууда.