Тег Токмок

Чүй облусунун шаардык кеңештерине кирген партиялар: толук тизме

Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 27,83% катышты. Ар кайсы шаарларда добуш берүүнүн жыйынтыгында шайлоочулардын артыкчылыктары ар түрдүү болуп, алдыңкы партиялар «Ишеним», «Адилет» жана «Жаңы Кыргызстан» болду.

Токмок шаарында “Сташхаус” рейди өттү

2024-жылдын 12-ноябрынан 14-ноябрына чейин Токмок шаарында сексуалдык кызмат көрсөткөн адамдарды аныктоого багытталган «Сташ» рейддик иш-чарасы өткөрүлдү. Мейманканалар, сауналар жана түнкү клубдар текшерилди.

Асман шаарын курууну каржылоо булагы аныкталды

Бишкекте Асман шаарын курууга 480 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрү айтылды. Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров дагы башка шаарларды, анын ичинде Жалал-Абад жана Каракол шаарларын өнүктүрүүгө каражат бөлүнөрүн билдирди.

Токмоктогу «Железобетон» ачык акционердик коомуна мамлекет тарабынан 5,8 миллиард сомго көзөмөл калыбына келтирилди

Токмок шаарындагы 5,8 миллиард сомго бааланган «Железобетон» ААК 40% акциясын муляждарга мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталгандан кийин мамлекетке кайтарылган. Негизги акционер объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берген. Мыйзамсыз менчиктештирилген башка мүлктөрдү кайтаруу иштери уланууда.

«Токмок-автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын, унаалардын жана жүктөрдүн өтүшү убактылуу токтотулду.

“Токмок-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунда “Кыргызтелеком” ишканасы тарабынан оңдоо иштерине байланыштуу жарандардын жана унаалардын өтүүсү убактылуу токтотулду. Саякатчыларга Казакстандын чек арасынан өтүү үчүн башка өткөрүү пункттарын колдонуу сунушталат.

Токмокто 16 жаштагы Даткайым жоголду

Токмокто 24-октябрда жоголгон 16 жаштагы Даткайым Токтобекова изделүүдө. Ал жоголгондон кийин туугандары полицияга кайрылышкан. Белгилери: бою 165-170 см, чачы кара, көздөрү кыш кара. Ал кара шым, ак куртка кийип жүргөн. Жарандар кыздын жүргөн жери тууралуу маалымат берүүнү суранышат.

Бакыт Төрөбаев Токмоктогу «Касиет» камвол-жип ийруучу фабрикасында болду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Токмоктогу «Касиет» камвол-жип ийрүү фабрикасында болуп, анын өндүрүшүн жана кубаттуулукту жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. Жүндөн жип чыгарган фабрика банкрот болгондон кийин 2015-жылдан бери Viva Tex тарабынан ижарага алынган.

Токмокто жунду кайра иштетуучу цехтин кубаттуулугу жогорулатылат

Токмокто жунду кайра иштетуучу «РАФА» жана «Ко-Токмок ПОШ» ишканаларында ишти кайра баштоо боюнча кецешме болду. Министр Бакыт Төрөбаев чийки затты сатуу жана кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу аркылуу малчылардын кирешесин көбөйтүүгө басым жасады. Суткасына 8 тонна өндүргөн фабрика толук өндүрүш циклине өтүү үчүн жергиликтүү жана чет элдик компаниялар менен кызматташууну активдештирүүнү пландоодо.

Токмоктогу «Восток» кинотеатрынын имараты мамлекетке кайтарылды

Токмоктогу 25 миллион сомго бааланган “Восток” кинотеатрынын имараты менчиктештирүүнүн шарттары бузулуп, мамлекетке кайтарылды. Менчик ээси инвесторлорду тартуу жана мүлктү пайдалануу боюнча милдеттенмелерин аткарбай, анын үчүнчү жакка сатылышына алып келген. Башкы прокуратура текшерүү демилгесин көтөрүп, мэрия имаратты муниципалитеттин балансына кайтарып берүү чечимин чыгарган.