Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын сактаган уюмдардын саны
Кыргызстанда жеке маалыматтар менен иштеген 1782 уюм катталган, анын 578и коммерциялык, 1204ү мамлекеттик. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик каттоонун төмөн деңгээлин белгилеп, каттоонун жоктугу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында Тартип бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп жатат.