Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү үчүн бизнесмендерди алдап кеткенин айтып, 3 миллион долларга байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ташиев коом мындай билдирүүлөргө сын көз менен карап, чындык менен калпты ажырата билиши керек деп эсептейт.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту НАНДЫН мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин СИЗО-1 деги кармалышы 19-сентябрь чеин узартты. Адвокаттар Карабаевдин кармалышын социалдык тармактардагы билдируулоружана НАНДын эксперт корутундулары боюнча билдируулеру менен байланыштырат. Укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова анын босотулушун талап кылып, НАНДЫН аракеттерин иликтөөгө чакырды.
Адвокаттар Олзжобай Шакиринин соттук чечими боюнча Жогорку сотко кассациялык арыз берилди. Жазуучу беш жылга эркинен ажыратылган, ал саясый маселелер боюнча активдуу пикир айтып келген.