Тег трансформатордук көмөкчордондор

Бишкек шаарында 1583 трансформатордук көмөкчордон кышкы сезонго даярдалды

Бишкек электр станциясы 2024-2025-жылдардын кышкы мезгилине электр жабдууларын даярдап, 1583 трансформатордук көмөкчордонду тейлөө жана 314 объектти капиталдык оңдоодон өткөрдү. 99,1 чакырым аба чубалгыларында иштер жүргүзүлүп, 31,6 чакырымдан ашык кабель чубалгылары жаңыртылды. Бардык чаралар электр менен жабдуунун ишенимдуулугун жогорулатууга багытталган. Тургундар консультация алуу үчүн 24 саат бою иштеген колл-борборго кайрылса болот.

Чүй районунда электр тармактарын оңдоо боюнча пландалган иштердин 95%ы аткарылды

Чүй райондук электр тармактарында 2024-2025-жылдарга пландаштырылган оңдоо иштеринин 95%ы аткарылды, анын ичинде трансформатордук көмөкчордондорду жана аба чубалгыларын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Бул 37 миң жашоочуну электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана сапатын жогорулатат. Электр менен камсыздоодо мүмкүн болгон үзгүлтүктөр тууралуу маалымат компаниянын сайтында жана социалдык тармактарда жеткиликтүү болот.