
Нарын–Жаны-Жол жолу кайрадан ачылды
Нарын облусундагы Нарын–Жаны-Жол унаа жолу кайрадан ачылды. Транспорт жана байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, атайын комиссия жолдун абалын текшерип, коопсуздук талаптарына жооп берерин белгиледи. Жолду тазалоо, кенейтүү жана коопсуздук боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, мурунку учурдагы таштардын түшүүсү себептүү убактылуу токтоп турган унаа кыймылы кайра жанданды.








