Тег транспортная прокуратура

Авиакомпанияны Кыргызстанга Airbus учагын алып келүүдө бажыны алдаган деп күнөөлөштү

Кыргызстандын транспорт прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүдө өлкөгө самолет киргизүүдө бажы төлөмдөрүнүн жеткиликтүү болбогондугу аныкталды. 2024-жылы өкмөттүн алдында турган Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Airbus А300В4-203 самолетун Кыргызстандын аба кемелеринин реестрине каттаган. Авиакомпания самолеттун ээси болуп саналса да, бажы процедурасынан качып, формалдуу ижара келишимин берип, убактылуу киргизүү документтерин алган. Натыйжада мамлекет 13 млн 998 миң 279 сомдук бажы төлөмүн жоготту, бирок прокуратуранын аракети менен бул сумма мамлекеттин кирешесине кайтарылды.