Тег транспорттук байланыштар

Оштон Нью-Делиге биринчи чартердик рейс ачылды

Ош эл аралык аэропорту Нью-Делиге биринчи чартердик рейсти ачып, буга чейин 180 жүргүнчүнү тарткан. Апталык каттамдар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы транспорттук байланыштарды жана экономикалык мамилелерди бекемдеп, кызматташуунун жаңы перспективаларын ачат.

Бишкек-Москва жүргүнчү поезди кышында кайра жанданат

2024-жылдын 18-декабрынан тарта Бишкек-Москва жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттай баштайт. Мындай чечим КМШ өлкөлөрүнүн темир жол администрацияларынын жыйынында кабыл алынды. Эскерте кетсек, буга чейин каттам Самарага чейин кыскарып келген. Ошондой эле 2025-жылы Казан жана Новосибирск менен байланыш уланат. Билеттердин сатылуусу боюнча маалымат андан кийин берилет.

Кыргызстан Ооганстан менен соода-экономикалык байланышты чыңдоого умтулат, – деди Акылбек Жапаров

Бишкекте Кыргызстандын премьер-министри Акылбек Жапаров менен Ооганстандын убактылуу ишенимдүү өкүлү Нурулла Аминдин жолугушуусу болду. Эки тараптуу кызматташуунун багыттары, анын ичинде соода, транспорт, энергетика жана кендерди биргелешип иштетүү маселелери талкууланды.