Рустам Жокоев Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров Рустам Жокоевди Транспорттук каражаттарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлук кызматынан убактылуу бошотту. Мындай чечим анын коррупцияга шектелип кармалышына байланыштуу.