Жээнбек Кулубаев ЭКУнун башкы катчысы менен жолукту
Нью-Йоркто Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен ЭКУнун башкы катчысы Асад М.Хандын жолугушуусу болуп өттү. Соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташуунун багыттары, ошондой эле Борбордук Азия менен деңиз порттору ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн транзиттик коридорлорду өнүктүрүү маселелери талкууланды.