Анкарада «Ankara Travel Expo» көргөзмөсү өтүп, анда Кыргызстан өзүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тартуулады. Катышуучулар, анын ичинде элчилик жана компаниялар Түркиянын туристтик агенттиктер ассоциациясы менен кызматташууну бекемдөө жана Кыргызстанга иш сапарын пландаштыруу максатында талкуу жүргүзүштү.
2024-жылдын 29-октябрынан 30-октябрына чейин Ташкентте «Tashkent Travel Mart-2024» эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөт, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 60тан ашык компания катышат. Иш-чаранын алкагында “TRAVELHUB Uzbekistan” конференциясы өтүп, анда эксперттер уникалдуу туристтик продуктыларды жана кызматташуу стратегияларын талкуулашат. Туризм тармагында жаңы бизнес мүмкүнчүлүктөрдү түзө турган биргелешкен долбоорлорду талкуулоо үчүн B2B жолугушуулары да пландалууда.
Эр-Риядда Кыргызстандын элчилигинин колдоосу менен Silk Way Travel жана Al Jazeera Airways авиакомпаниялары тарабынан уюштурулган туристтик роудшоу өттү. Элчи У.Марипов өлкөнүн экономикасы үчүн туризмдин маанилүүлүгүн, ошондой эле туризм тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Иш-чарага кыргызстандык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар болгон 19 туристтик компания катышты.
Парижде “France IFTM-2024” эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат, анда “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын президенти башында турган Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү жайылтууда. Катышуу фонддун жана элчиликтин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Кыргызстандык компаниялар франциялык туроператорлор менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташууга кызыгуусун жана Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо.