
Өкмөт төрт айдын ичинде жаңы төрөлгөндөргө дээрлик 179 миллион сом жөлөк пул төлөдү.
Кыргызстанда быйылкы жылдын алгачкы төрт айында 44 666 ымыркай "Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөк пулун алышты, жалпы суммасы 178,9 миллион сомду түздү. Бул программа үй-бүлөлөрдү колдоп, жаңы төрөлгөн балдардын документтерин өз убагында жол-жоболоштурууга түрткү берет.







