Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунда кар көчкү жана кардан улам убактылуу жабылган унаалардын кыймылы жанданды. Жети унаа тосмону бузуп өтүүгө аракет кылып, бирок токтотулган. Айыптарды төлөгөндөн кийин тартип бузгандар сапарын уланта алышат.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда кар көчкүнүн кесепетинен 10 унаа тоннелге тыгылып калды. Окуя болгон жерде ӨКМ менен ИИМдин куткаруучулары иштеп, урандыларды тазалоо үчүн жүктөгүч тартылды.
Бишкек-Ош унаа жолунун 455-чакырымындагы төртүнчү тоннелге трансформатор орнотулуп, көп жылдардан бери жок болгон жарыктандыруучу прожекторлар алмаштырылды. Бул айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн саякат шарттарын жакшыртат.