Бишкек шаарында 28-октябрда саат 09:30дан 17:00гө чейин айрым аймактарда ысык суу жана жылуулук берүү убактылуу токтотулат. Өчүрүүлөр Улуттук хирургия борборун жана турак жайларды жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн жаңы секиртүүчү орнотулганына байланыштуу.
24-октябрдын таңына карата «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан 64 медициналык мекеменин 39у, 87 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин 39у жана 62 мектептин 28и жылуулук тармактарына туташтырылды. Турак жай секторунда 2055 үйдүн 1824ү кошулган. Иш уланууда.
Бишкек шаарында жылытуу мезгили 2024-жылдын 22-октябрында башталат. Мындай чечим аба ырайын эске алуу менен кабыл алынды. Биринчи кезекте социалдык мекемелерге, андан кийин турак жайларга, ишканаларга жылуулук берилет.
14-октябрда Баткен облусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Баткен облусунун 25 жылдыгына карата 25 жаңы объектинин ачылышы болот. Алардын арасында административдик имараттар, турак-жайлар, спорт залдар, бала бакчалар жана логистикалык борборлор аймакты өнүктүрүүгө жана инфраструктураны жакшыртууга басым жасаган.
Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев 58 миңден ашык үйгө газ түтүктөрүнүн курулушу аяктап, шаардагы жылуулук жана экологиялык абал жакшырганын билдирди.
Бишкектин ар кайсы жеринде таштандылар боюнча шаардын тургундарынан арыздар келип жатат. Таштанды контейнерлеринин жетишсиздиги, таштандын көбөйүшү жана жакшы жайлардагы таштанды таштоо маселеси.