Тег турист

Кыргызстандыктар үчүн популярдуу эс алуу жайлары

8-октябрда Бишкекте 15 туроператордун башын бириктирген тышкы туризм жарманкеси болуп өттү. Кыргызстандыктар салттуу Түркия жана БАЭ менен катар Кытай жана Малайзия сыяктуу жаңы багыттарга кызыгышты. Иш-чаранын алкагында оюн-зоок жана байге ойнотуулары, ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны болуп, тармактын келечеги талкууланды.