Консулдук департаменттин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Монголиянын консулу менен жолугушуусу
Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу менен Монголиянын консулу Мергенбаяр Цэрэнжурмеддин жолугушуусу болуп өттү. Эки тараптуу консулдук кызматташуу, жарандардын укуктарын коргоо жана визасыз режимдин аркасында туристтик агымдын өсүшү тууралуу маселелер талкууланды. Тараптар мындан ары байланыштарды чыңдоого макулдашышты.