
Кыргызстандык куткаруучу Өзбекстандагы эл аралык воркаут турниринде 4-орунду ээледи.
Андижанда өткөн эл аралык воркаут турниринде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучусу Руслан Жантороев 4-орунду алды. Турнирге Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын күчтүү спортчулары катышты.








