Тег туруктуу келечек

Бишкектин окуучулары Азербайжанда өткөн SAF 2024 эл аралык фестивалында алтын жеңип алышты

Бишкектин №20 мектебинин командасы биринчи жолу Азербайжанда өткөн эл аралык SAF 2024 фестивалына катышып, эки экологиялык долбоорду тартуулашты. Алардын бири көмүр мешинин морунун чыпкасына арналган «Жашыл демилгелер» номинациясында биринчи орунду алса, дарыянын булганышы боюнча экинчи долбоор кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду. Фестивал дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн катышуучулардын башын бириктирип, экология жана туруктуу өнүгүү жаатында тажрыйба жана идеяларды алмашуу аянтчасы болуп калды.