Тиранада Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын органикалык продукциясынын экспорттук потенциалын талкуулашты
Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин төрага орун басарлары Тиранада өткөн жыйынга катышып, тамак-аш системасы жана парламенттердин ролун талкуулашты. Кыргызстан өзүнүн уникалдуу жаратылыш шарты менен экологиялык жактан таза продукцияны экспорттоо мүмкүнчүлүгү бар өлкө катары көрсөтүлдү.