Тег Туулган күн

Ташиев: Сөздүн, намыстын адамы

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти жетектеп, Кыргызстанда коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен активдүү күрөшүп келет. Анын жетекчилиги астында бюджетке миллиарддаган сомдор кайтарылып, коррупционерлер, анын ичинде чоң кызматтагылар кармалып, соттолгон. Ташиев коррупцияга каршы мыйзамдарды катаалдатып, коомдо коррупцияга чыдамсыздыкты калыптандырууну талап кылып, бир дагы күнөөлүү жазадан кутулуп кетпей турганын баса белгиледи. Анын кынтыксыздыгы жана чечкиндүүлүгү мамлекеттик түзүмдөрдүн биротоло тазаланышына үмүт жаратат.

Камчыбек Ташиев туулган күнүндө “Оберег” реабилитациялык борборуна колдоо көрсөттү

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев «Оберег» реабилитациялык борборуна барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды ташыган кичи автобусту белекке берип, мекеменин муктаждыктарына каржылык колдоо көрсөттү.