Бишкекте Кыргызстан менен Венгриянын тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги стратегиялык кеңешинин 4-жыйыны башталды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында венгриялык кесиптеши Петер Сиярто менен жолугушту. Ведомстволордун жетекчилери кыргыз-венгр стратегиялык кеңешинин төртүнчү жыйынында эки тараптуу жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.